Компания жөнүндө
Компания 2018-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында эки бир тууган тарабынан негизделген. Алардын башкы максаты — Кыргызстандагы оригиналдуу европалык парфюмерия рыногун жаңы деңгээлге көтөрүү болгон. Баштапкы этапта аз сандагы жүктөр менен ишти башташса да, сапатка, ачык иш алып барууга жана кесипкөйлүккө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө компания Борбордук Азиядагы эң мыкты парфюмерия дистрибьюторлорунун катарында, ал эми Кыргызстанда — №1 позицияда турат. Өлкөдө оптом саткан парфюмерия сатуучулардын басымдуу бөлүгү бизден — түздөн-түз дистрибьютор катары товар алып иштешкен. Ошондой эле, көптөгөн белгилүү жана ишенимдүү парфюмерия дүкөндөрү да дал биз менен туруктуу негизде кызматташат. Компаниянын негизги өнөктөшү — Christian Provenzano Perfume, жана бизде бул брендден алынган эки расмий сертификат бар. Алар продукциянын сапатын жана оригиналдуулугун тастыктайт. Мындан тышкары, биз дүйнөлүк деңгээлдеги эң белгилүү атыр үйлөрү менен кызматташабыз: CPL Aromas, Jean Niel, Givaudan, Luzi, Iberchem, EPS — булар эл аралык парфюмерия индустриясында сапаттын белгиси катары таанылган бренддер. Биз мындан ары да өсүүнү улантып, өз позициябызды бекемдеп келебиз. Максатыбыз — кардарларга эң мыкты сапаттагы европалык парфюмерияны, кеңири ассортименти бар, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү кызматташууну сунуштоо.